Футбол боюнча өлкө чемпиону “Дордой” курамына 150 миң еврого бааланган сербиялык легионерди кошуп алды

Бишкектик “Дордой” футболдук клубунун курамы сербиялык жарым коргоочу Периц Станчески менен толукталды. Германиялык “transfermarkt.de” басылмасынын маалыматы боюнча, футболчу 150 миң еврого бааланган. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда аталган клубдун жаңы оюнчуларын жана 2015-жылга карата пландарын тааныштырууга багытталган жыйында белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы футболчу 28-номурдагы футболка менен оюн көрсөтөт. Ал кезинде Сербиянын жаштар курамасында ойноп, клубдук карьерасында “Борац Баня-Лука”, “Железничар” жана “Бежания” клубдарында оюн көрсөткөн. 

Кыргызстандын 2014-жылдагы чемпиондугун утуп, АФКнын Кубогуна жолдомо алган “Дордой” буга чейин Алмазбек Мирзалиев, Шерзод Шакиров, Кайрат Жыргалбек уулу жана Марат Ажиниязов сыяктуу футболчуларды курамына кошуп алган.

Кошумчалай кетсек, “Дордой” АФКнын Кубогунун тандап алуу турунда 9-февралда түркмөнстандык “Ахал” клубу менен кез келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sagyn01
2015-01-08 15:40:22
Уят болбой акчасын берип турсанар еле болду.
+2
sharolli
2015-01-08 16:06:11
150 мин евро бул канча жылга келишим???
0
zarbaliktik
2015-01-08 19:40:10
кыргызстанда футбол ойноп жатып зееригип кетпесе элэ болду. дордой-абдышата, дордой-алай оюнунан башкасы эптеп убакыт отсо деп элэ ойношот. 2-таймдарды корбой элэ кеткин келет.
0
kama_future_millioner
2015-01-09 00:24:57
Ошончого контракт түзүпсүңөр эми жакшы оюн көрсөткүлө
0
mara.kg
2015-01-09 09:10:50
туугандар ал оюнчу деле озубуздукуон сербиянын эн начар клубтарында ойногон экен
0
asiana
2015-01-10 11:09:20
иши жок жургучо деп келип калса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан