Орусияга 2015-жылдын башында Орто Азиядан келген мигранттардын саны азайганы айтылды

2015-жылдын январь айында 2014-жылга салыштырмалуу Кыргызстанды кошпогондо Орто Азиядан Орусияга иштөөгө келген мигранттардын саны кескин кыскарды. Муну бүгүн, 8-январда Орусиянын Миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановск журналисттерге билдирди. 
Анын билдиришинче, мунун бирден-бир себеби Украина жана Молдова жарандарынын Орусияга көп санда келип жатканында болууда. Андан сырткары чиновник Орусияга Кытай, Түндүк жана Түштүк Корея жарандарынын жумуш издеп баруусу өсүп жатканын кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан