Бишкекте жоголду делген 4 жаштагы Галия Орозова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 4-январь күнү Бишкектеги Кургак учукка каршы шаардык балдар ооруканасында дарыланып жаткан 4 жаштагы Галия Орозова жоголуп кеткен. Аны Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери издешип, "Аламүдүн" базары жактан табышкан. Кызды өз апасы алып кеткени айтылууда. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.