Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда 14 жаштагы кызды сатуу фактысы боюнча териштирүү иштери аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
“Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда. Аны учурда Ысык-Көл облустук прокуратурасы кароодо. Кызды сатып алган “күйөөсүнө” КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (17 жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары толук аяктай элек. Жакынкы убакыт аралыгында күнөөлүүлөр жоопко тартылышмакчы”,- дейт С.Усубакунов.
Эске салсак, Боом капчыгайындагы “Жол-Булак Евразия” кафесинде официант болуп иштеп жүргөн 14 жаштагы Мээрим аттуу кызды 15 миң сом жана 1 койго күйөөгө сатып жиберген. Ал кызды кафенин ижарачысы Элиза жана анын күйөөсү Канат аттуу жарандар Нурлан аттуу айдоочу кишиге күйөөгө берип салышкан.