Алмазбек Атамбаев электр энергиясынын тарифин төмөндөтүүнү карап көрүү боюнча тапшырма берди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 8-январда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди жана өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаевди кабыл алды.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, өлкө башчы Казакстандан импорттолгон электр энергиясынын көлөмү азайгандыгына байланыштуу энергетика жана өнөр жай министрлигине, ошондой эле Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүү боюнча тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан