Бишкекте Аул көчөсүндөгү канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу 8-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, «Бишкек суу-канал» менен «Кыргызэнергокурулуш» ишканалары биргеликте узундугу 150 метр болгон канализациялык коллекторду курушат. Хвойный-Ибраимов көчөлөрүндөгү бөлүк 8-февралга чейин жабык болот.