Учурда Кыргызстанда Эбола вирусунун алдын алуу максатында түзүлгөн 5 санитардык-карантиндик пункт иш алып барууда. Эболага каршы бардык чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Бул вирус Кыргызстанга чет өлкөгө барып жугузуп алган адам менен гана келиши мүмкүн. Азыркы тапта санитардык-карантиндик пункттар Бишкектеги “Манас” жана Оштогу эл аралык аба майданында, Эркеч-Там-Торугарт унаа өтмөгүндө, темир жолдо жайгаштырылган. 2016-жылга чейин андай пункттардын санын 12ге жеткирүү пландалууда. Белгилеп айта кетчү нерсе, бул миңдеген адам өмүрүн алган вирус Африка аймагына таандык болуп калды. Ал вирус көбөйүү жана тароо үчүн ага таандык климат, абанын температурасы жана ландшафт керек.
Бүгүнкү күндө бул ооруну козгоочу 5 вирус бар. Африкада жарганат, шимпанзе, маймыл, токой эликтери сыяктуу жапайы жаныбарлар көп. Жергиликтүү калк көп учурда аларды кармап жейт. Азыркы тапта бул оорудан ал жаныбарлар да өлүүдө. Мисалы, Эболадан өлгөн жарганат жерге түшөт, аны келемиштер же башка жаныбарлар жешет. Аны адамдар кармап жешет, анан алар ооруп, бири-бирине жугузууда”,- дейт Н.Үсөнбаев.
Белгилүү болгондой, бул вирус адамдын тери, шилекей, көз жаш жана башка денесинен чыгуучу суюктуктар аркылуу жугат.