8-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 3 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 160 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 172 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 581 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 738 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 8-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 миллиард 87 миллион метр кубду түзгөн.