* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы Сакиш атка конгон актриса, куудул Айнура Турганбаева Аламүдүн районунун Стрельников айылында төрөлгөн. Мектепти бүтөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Аны аяктаган соң Жаштар театрында иштеп калган. Сакиш деп аталып калышынын себеби, Марат Жанталиев экөө “Кимдин баласы?” деген спектаклде жубайлардын ролун ойношкон. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш болгон. Ошондон кийин көпчүлүк аларды Сакиш, Бопуш деп атап калышкан.
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы бельгиялык ырчы, композитор, актриса Лара Фабиан Бельгиянын Эттерберк шаарында туулган. "Мен сени сүйөм" ("Je T’aime") жана "Адажио" ("Adagio") деген хит ырлардын аткаруучусу Лара Фабиандын чыныгы фамилиясы - Крокарт. Ырчынын апасы Италиядан, атасы бельгиялык болгон. Лара 5 жашка чыкканга чейин Сицилияда жашап, кийин Бельгияга көчүп келишкен.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон Англиянын Рединг шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Миддлтон. Ал орто билимди Мальборо колледжинен алып, 2001-жылы Сент-Эндрюс университетине тапшырган. Кэтрин ханзаада Уильям менен 2002-жылы Шотландиянын Сент-Эндрюсс университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Ошол күндөн тарта эки жаш алгач дос болуп жүрүшүп, көп өтпөй чогуу жашап башташкан. Кылымдын тоюна айланган Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильямдын тою 2011-жылы 29-апрелде болуп өткөн. Ал эми түгөйлөр 2013-жылдын 22-июлунда Георг Александр Луи аттуу уулдуу болушкан.