"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документ КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам бажы алымдарынын ташып келүү жана ташып кетүү коюмдарын колдонуунун, бажы алымдарынын ташып кетүү коюмдарын белгилөөнүн тартибин, товарлардын чыгарылган өлкөсүнө жана аларды ташып келүү шарттарына жараша бажы алымдарынын ташып кетүү коюмдарын колдонуу өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле тарифтик преференцияларды жана тарифтик квоталарды берүү өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Ушул мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы "Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө" келишимге "Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" келишимге ылайык Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифи колдонула баштаган датадан тартып күчүнө кирет.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-мартындагы №81-мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан