“Өкмөт быйыл 5 банк аркылуу дыйкандарга 4,5 миллиард сом өлчөмүндө насыя берүүнү пландоодо” деди 5-февралда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жазгы талаа иштерине карата өткөн өкмөттүн жыйынында. Сарпашев белгилегендей, өлкө бийлиги айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө чоң маани берүүсү шарт. “Дыйкандар менен фермерлерди колдоонун негизинде өлкө дыйкандарына жылдык үстөгү 10 пайызды түзгөн жеңилдетилген кредиттерди берүү программасы ишке кирди. Мындан тышкары быйыл дыйкандар менен фермердик чарбаларга лизингдик негизде жалпы суммасы 1 миллиард сомду түзгөн 1000 айыл чарба техникасы берилет”,- деди ал.