Акыркы 1 аптада Баңгизатын көзөмөлдөө борбору тарабынан 9 килограммдан ашуун баңгизат алынды

Жаңырган 2015-жылдын алгачкы жумасында Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн 9 килограмм 840 грамм баңгизат алынды. Ошондой эле баңгизат менен байланышкан 2 кылмыш иши аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 1-январдан 8-январга чейин өлкө аймагында атайын пландалган чалгындоолор жүргүзүлгөн. Ага ылайык, 5-январь күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 42 жаштагы жаранга тиешелүү турак үйдөн банкаларга салынган 70 грамм салмактагы баңгизат (гашиш) алынган. 6-январь күнү Түп районунун 47 жаштагы И.А. аттуу тургунунун үйүнөн банкаларга салынган 220 грамм салмактагы гашиш жана 9 килограмм 550 грамм салмактагы марихуана алынган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан