Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык драма театрда «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүнү талкуулаган жыйын болуп өттү. Жыйынга өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байышбек Жуманазаров, облус аксакалдары катышты. Талкуу учурунда айрымдар “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү керектигин айтышса, башкалары кенди ишке киргизбөө керектигин айтышты. Аксакалдар Р.Алканов, К.Бакетаев, Ж.Рыскулов "эгерде экологиялык эрежелер сакталса, элдин өмүрүнө зыян келтирбей иштесе, алтын кенди иштетүүгө уруксат берели" деген сунуш айтышты. Ал эми Байышбек Жуманазаров “Жер-Үй” кенин иштетүү боюнча өкмөт жарыяланган сынактан утуп чыккан компаниянын Талас облусу үчүн аткарып бере турган иштерин көрсөткөн документ менен катышуучуларды тааныштырды.