Кыргызстандын аймагындагы 23 тоо-лыжа базасынын 19у кардарларды тейлейт

“Горный кластер” ассоциациясынын маалыматына ылайык, өлкө аймагында 23 тоо-лыжа базасы бар. Учурда анын 19у кардарларды тейлөө шартына ээ. Быйыл тоолуу аймактарда суук өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу жогору болгондуктан, өлкө аймагына туристтердин көбүрөөк келүүсү күтүлүүдө. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти жаңы сезондун ачылышын 2014-жылдын декабрь айынын башында жарыялаган.

Негизги базалардын көбү Чүй облусунда жайгашкан:

- "Орловка" тоо-лыжа курорту. Бишкек шаарынан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан (Ысык-Көл тарапта, Орловка аймагына жакын).

- “Төө-Ашуу” тоо-лыжа базасы. Төө-Ашуу ашуусунун түштүк боорунда жайгашкан (Бишкек шаарынан 135 чакырым алыс, Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу автоунаа менен 2 сааттык жол).

- “ЗИЛ” тоо-лыжа базасы. Бишкек шаарынан 35 чакырым алыстыкта, Ысык-Ата районунда жайгашкан.

- “Тогуз-Булак” тоо-лыжа курорту. Кыргыз тоо кыркасынын түндүк боорунда, Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында, 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.

- "Норус" тоо-лыжа комплекси. Бишкектен 35 чакырым аралыкта жайгашкан.

- "Оруу-Сай" туристтик борбору. Оруу-Сай аймагында, Бишкектен 35 чакырым алыстыкта жайгашкан.

- “Ак-Таш” тоо-лыжа базасы. Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстыкта, Оруу-Сай капчыгайынын аймагында.

- "Кашка-Суу" туристтик борбору. Кыргыз тоо кыркасынын түндүк боорунда, Бишкек шаарынан 35 чакырым алыстыкта.

- "Политех" тоо-лыжа базасы. Бишкектен 27 чакырым алыстыкта, Аламүдүн районунун Кашка-Суу аймагында жайгашкан.

- "Суусамыр" турбазасы. Бишкек-Ош унаа жолунун 158-чакырымында жайгашкан (Суусамыр өрөөнү).

- "Чоң-Таш" базасы. Бишкектен 20 чакырым алыстыкта, "Ата-Бейит" комплексинин жанында.

- "Каракол" тоо-лыжа базасы. Каракол шаарынан 7 чакырым алыстыкта орун алган (Ысык-Көл облусу). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан