Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган. Ал Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуусуна байланышкан мыйзамдардын пакетине кирет.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, Бажы союзунун тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын (ТЭИ ТН) колдонуусу каралат.
Ошондой эле мыйзам менен алып кирүүдөгү (импорттук) жана алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт.
Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.