2014-жылы SUPER.KG өздүк рекордун жаңылады. Бир жылдагы кароолордун саны 2013-жылга салыштырмалуу 120 миллиондон ашты

Кыргызстандагы кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталы 2014-жылды дагы рекорддорду жаңылоо менен ийгиликтүү жыйынтыктады. 2013-жылга салыштырмалуу 2014-жылы кароолордун саны 120 миллионго өскөн. Тагыраак айтканда, 2013-жылы кароолордун саны 140 миллион болсо, 2014-жылы бул көрсөткүч эки эсеге жакын өсүп, бир жыл аралыгында 260 миллионду түздү.    

Баса белгилеп айта кетчү нерсе, өткөн жылы порталга баш баккандардын саны 500 000ден ашкан. Тактап айтканда, эгер 2013-жылдын декабрь айында бул көрсөткүч 353 946ны түзсө, 2014-жылдын декабрында 529 646га жетти. Көрсөткүч бир жыл ичинде эки эсеге жакын өскөн.

Дагы бир көрсөткүч, 2013-жылдын декабрь айында порталда бир эле учурда 15 535 колдонуучу "саякаттап" жүргөн болсо, 2014-жылы декабрда бир учурда 35 710 колдонуучу порталда "саякаттап", өзүнө кызыктуу кабарды окуп, музыка угуп, видео көрүп, талкууларга катышып, дегеле издеген кызыктарды дал ушул булактан таап жатышты.  

Ал эми май айында SUPER.KG порталы "Кинозал" бөлүмү менен толукталды. Мыкты сапаттагы кыргыз тасмаларын, телесериалдарды, эксклюзивдүү концерттерди дал ушул бөлүмдөн көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. "Кинозал" бөлүмү мобилдик версияга да ылайыкташтырылып жасалгандыктан, элге тарай элек тасмаларды чөнтөк телефондон көрүү ыңгайлуу болуп калды.  

Ошондой эле бир нече жылдан бери бул маалымат-маанайшат порталы KG аймагында кыргыз тилдүү сайттардын лидери боло алса (Net.kg сайтынын көрсөткүчү боюнча), ал эми КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу ММКлардын веб-порталдарынын алдынкы жыйырмалыгында ишенимдүү келе жатат (Mail.ru'нун көрсөткүчү). 

Мунун баары эмнеден кабар берет? Бул Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашап-иштеп жүрүшкөн мекендештерибиздин ишенимине арзыганыбыз. Алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз үчүн SUPER.KG ишенимдүү маалымат булагына айланып, сагыныч-жарпын жазуучу, өлкөбүздө болуп жаткан иштер менен окуяларды талкууга алуучу аянтчага айланганынан кабар берет. 

Колдонуучуларыбыздын бизди тандап, бизге көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдиребиз жана сиздерди күнү-түнү маалымат менен камсыздап, көңүлдүү маанай жаратууга дайым даярбыз! 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан