Түзөтүү мекемесинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын башында Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөшү керек болгон жаран эркиндикке чыгарылган. Бул үчүн ал аталган кызмат адамдарына акчалай сыйлык берип турган. Мындан улам аны “бар” деп белгилеп келишкен. Ал эми бул убакыт аралыгында соттолгон жаран Лейлек районунда болуп, дагы башка кылмышты кылган. Учурда “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.