Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы 28-январдагы жер титирөөдөн жабыркаган социалдык-маданий мекемелердин тизмесин жарыялады. Алар:
- Көөчү айылындагы Кайдуев атындагы орто мектептин имараты
- Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебинин имараты
- Сары-Булуң айылындагы Сары-Булуң орто мектебинин ажатканасы
- Кутургу айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты
- Чоң-Таш айылындагы байланыш түйүнүнүн имараты
- Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү ФАПтын имараты