Экономика министри Темир Сариев 2015-жылдын негизги пландарын атады

Экономика министри Темир Сариев 8-январда Кыргызстанда 2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, ага министрдин орун басарлары, статс-катчылар, башкармалык жетекчилери катышты. Министр тармакта жасалып жаткан реформалар тууралуу пикирин айтты, өзгөчө геосаясаттык жана геоэкономикалык татаал кырдаалга байланыштуу өлкөдө экономикалык өсүш басаңдап жатканына токтолду. Сариев быйылкы жылдын Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланышы өз учурунда жасалган кадам болгонун айтат. Быйылкы жылга коюлчу негизги максат энергетика, тоо-кен өндүрүшү, кайра иштетүү, жаңы иш орундарын түзүү, жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүү жана бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттин байланышы боюнча ачык жана түшүнүктүү эрежелерин иштеп чыгуу болорун кошумчалады министр.  
Бул багыттагы иштерди аткаруу үчүн тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилгенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан