Кыргызстандын муфтияты анын расмий сайтына өткөн аптада болгон хакердик чабуул боюнча Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Эскерте кетсек, 3-январда Кыргызстандын муфтиятынын расмий сайтына хакерлер кол салышып, башкы баракчага тапанча кармап турган кыздын сүрөтүн жайгаштырып
коюшкан. Ал эми 5-январда кечке жуук сайт
оңдолуп, кайрадан иштей баштаган.