Майлуу-Суу шаарындагы батирлердин биринен европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылды

Майлуу-Суу шаарындагы Мир көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде өрт кырсыгы катталган. Ал үйдөн европа улутундагы жарандын жансыз денеси табылган. 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт чыккан бөлмөнүн ичиндеги үй оокаттары да күйүп кеткен. Учурда өрттөнгөн батирдин ээси, өрттүн келип чыгуу себеби жана каза болгон адамдын өздүгү такталууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон жаран 52 жаштагы Виталий аттуу киши, учурда ал кандай себептен улам ал батирде болгону жана каза тапкандыгы иликтенүүдө.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chynara77
2015-01-10 13:37:49
Ушул кичинекей Майлуу Суу криминал шаарча болуп кетти го,канча адам олтуруулор зордуктоолор болду,милиция кызматкерлери жакшы иштешпейт,болбосо кайра кайра кайталанбайт эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан