Айыл чарба жана мелиорация министрлиги: Жазгы талаа иштерине даярдык башталды

Жазгы талаа иштерине байланыштуу аймактарда айыл чарба техникаларын оңдоо иштери жүрүүдө. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 8-январда билдиргендей, учурда министрлик менен Нефтетрейдерлер  ассоциациясынын ортосунда меморандумга кол коюуга даярдыктар көрүлүүдө. Анын негизги шарттары - республиканын дыйкандары жана фермерлерине керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майларды үзгүлтүксүз жеткирип берүү жана көп көлөмдө алуучуларга жеңилдетилген баада сатуу.
"Күздүк дан эгиндерин кошумча азыктандыруу максатында республикага 100 миң тоннадан кем эмес көлөмдө азоттук жер семирткичтерди ташып келүүгө даярдык көрүлүүдө. 2014-жылдагы кургакчылык жана суунун тартыштыгы дыйкандарга чоң сабак болду. Ошондуктан быйыл суу чарба объектилерин оңдоп-түзөө иштерин өз убагында бүтүрүү үчүн Каржы министрлигинен Суу чарба жана мелиорация департаментине берилчү жалпы акчанын 80 пайызын жылдын биринчи жарымында бөлүп берүү суралууда",- деп билдирди министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан