Кыргызстандык “Ак шоола” балдар хору “Астана жылдыздары” Эл аралык фестивалында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу КРнын Композиторлор союзунан билдиришти.
Маалым болгондой, фестиваль 4-7-январь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөрүлгөн. Ага 7 жаштан 18 жашка чейинки таланттуу балдар катышкан.