2012-жылы Талас облусунда өндүрүлгөн 1 миллиард 384 миллион сомдук айыл чарба азык-түлүктөрү экспорттолгон. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Тактап айтканда, дүйнөнүн Европа, Азия, КМШ өлкөлөрүнө 52 549 тонна төө буурчак, 7700 тонна картошка, 4176 тонна алма, 2507 тонна болгар калемпири, 440 баш ири мүйүздүү мал, 2 131 баш кой-эчки жана 287 баш жылкы экспорттолгон. Ошондой эле таластык дыйкандар өндүргөн азык-түлүктөр Түштүк Африка, Индонезия өлкөлөрүнө да жөнөтүлүүдө.