2014-жылдын 11 айында укук коргоо органдарындагы коррупция өлкөгө 1 миллиард 261 миллион сомдук зыян алып келген

Кыргызстанда 2014-жылдын январь-ноябрь айларында укук коргоо органдарындагы коррупциялык фактылар боюнча 1268 кылмыш иши ачылган. Келтирилген зыяндын суммасы - 1 миллиард 261 миллион 466 миң сом. Өкмөттүн маалыматы боюнча, коррупциялык фактылардын бетин ачуунун саны мекемелер боюнча төмөнкүдөй:
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы - 295;
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат - 463;
Ички иштер министрлиги - 510. 
Козголгон кылмыш иштеринин 506сы соттук териштирүүгө жөнөтүлгөн: УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын 135 фактысы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын 159, Ички иштер министрлигинин 212 фактысы. 
Келтирилген чыгымдын 356 миллион 704 миңинин орду толукталганы айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан