Бишкек шаарында өткөн жылдын 27-декабрынан 28-декабрына караган түнү 32 жаштагы Бакыт Төлөгөновду "Аламүдүн" базарынын жанынан сүзүп кеткен айдоочу дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда SUPER.KG порталына маркумдун жездеси Искендер Бектуров билдирди.
“Бул каргашалуу окуя түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Аны көргөн эки-үч күбө да бар. Кайнимди сүзүп кеткен унаанын түсү, үлгүсү да белгилүү. Ал күмүш түстөгү Мазда Демио үлгүсүндөгү унаа болчу. Окуя болгондон бери 2 жума өттү, бирок ал айдоочу табыла элек. Менимче, милиция жакшылап иликтесе, бат эле табылмак. Алар "мындай кырсыктар көп катталып жатат, биз издеп жатабыз" дешүүдө. Бир эмес, 2-3 видео бар, биз күбөлөрдү издеп, элге жардам сурап кайрылганыбызда телефон чалуулар да болгон. Бирок эмнегедир милиция эч кандай илинчек болбой жатканын айтууда”,- дейт И.Бектуров.
Эске салсак, каза тапкан Б.Төлөгөнов унаа сүзгөндө катуу соккудан бир нече метрге ыргып барып кулап, окуя болгон жерден жан берген. Ал эми айдоочу катуу ылдамдыкта изин жашырып кеткен.
Эгер бул окуя тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, Бишкек ШИИББи, КРнын ИИМине же Свердлов РИИБине төмөнкү номурлар аркылуу кайрылыңыздар: (0770) 00-17-17, (0701) 30-00-07.