Бишкекте “дүкөнчүнү тоноп, сабашкан” деп бейбаштыкка шектелген шаардын эки тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкектин 32 жаштагы Ч.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар Жибек Жолу-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөнгө кирип сатуучуну сабап, тоноп кеткенин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.А. жана 25 жаштагы Э.Т. аттуу жарандар кармалышты. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.