Бийик тоолуу аймактардагы керектөөчүлөргө электр энергиясы үчүн атайын компенсация төлөп берүү каралууда

Бийик тоолуу аймактардагы керектөөчүлөргө электр энергиясы үчүн атайын компенсация төлөп берүү каралууда. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев 9-январда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, компенсация жеке эле нарындыктар үчүн эмес, тоолуу аймакта жашагандардын баарына бирдей төлөнүшү керек. "Учурда Нарын эли электр энергиясын пайдаланууну 700 киловатт-сааттан 1200 саатка көтөрүп берүүнү суранып жатат. Бирок бул үчүн өкмөттөн ар жылы 131 миллион сом керектелет. Жалпы тоолуу аймакта жашагандарды бул жеңилдик менен камсыздасак, 300 миллион сом керек",- деди Элебаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан