Ошто бала бакчаларда иштеген тарбиячыларга усулдук китептер берилди

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары жана педагогдору үчүн “Тарбиячыларга кеп-кеңештер” аттуу кошумча усулдук колдонмо берилди. Анда негизинен азыркы коомдун талабына ылайык, балдардын жаш курагына байланыштуу мамиле куруунун өзгөчөлүктөрү, окуу-тарбия ишинде интерактивдүү усулдарды пайдалануу жана бала бакча менен ата-энелердин ортосундагы өз ара мамилелер жөнүндө кеңири маалыматтар камтылган. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул усулдук колдонмо “Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Эл аралык “Балдарды коргогула” уюмунун филиалы, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясынын ортосундагы кызматташтык меморандумуна ылайык  иштелип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан