Бүгүн, 6-февралда Ош-Бишкек унаа жолунда кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери башталды. Бул иштер 10-февралга чейин улантылмакчы. Аткылоо иштери аталган унаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.