Өкмөт жооп берет: Жубайым экөөбүз ажырашып кеткенбиз, уулумду көрүп турууга кантип уруксат алсам болот?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Биз аялым экөөбүз бир балалуу болгондо ажырашып кеткенбиз. Никеге катталганыбыз тууралуу кагазыбыз жок болгондуктан, уулума туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган эмеспиз. Кийин аялым өзүнүн фамилиясына өткөрүп алган. Эми баламды көргөнү барсам, аялымдын апасы баламды көрсөтпөйт. Балабыз 6 жашта, мен кантип аны атасы катары көрүп турууга уруксат алсам болот? Суроо калтырган AK-47.

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 52-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, никеге турбаган ата-эненин ортосунда бала төрөлгөндө, баланын белгилүү бир адамдан (атадан) төрөлгөндүгү ата-эненин биринин же камкорчунун арызы боюнча сот тартибинде аныкталат. Сот баланы "белгилүү бир адамдан жаралган" деген тастыктоо менен социалдык, ошондой эле биологиялык далилдерди эске алат.

Баланын атасы экендигиңиз тууралуу соттун аныктамасынын негизинде сиз ата-энелик укуктарга ээ болосуз.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 60-беренесинин 1-бөлүгүндө жазылгандай, бала атасы менен да, апасы менен да, жакын туугандары жана башка туугандары менен да катышууга укуктуу.

Баланын ата-энеси эки башка жашаган, алардын никеден ажырашкан же бала үй-бүлөдөн тышкары жашаган учурларда баланын кызыкчылыгы үчүн ата-энесинин биринен же экөөсүнөн тең ажыратылышы зарыл болгон учурларды кошпогондо, бала ата-энеси менен катышуу укугуна ээ.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан