Сокулук районунда азык-түлүк саткан дүкөндүн сатуучусу каракчылардын огунан каза тапты

Сокулук районунда азык-түлүк саткан дүкөндүн сатуучусу каракчылардын огунан каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди.

Маалыматка караганда, 8-январь күнү саат 23:50 чамасында Военно-Антоновкадагы азык-түлүк саткан дүкөнгө куралчан белгисиз үч адам кирип, алар сатуучудан кассадагы акчаны берүүнү талап кылышкан. Сатуучу каршылык көрсөткөн учурда каракчылар аны ичке атышкан. Андан соң дароо изин жашырып, качып кетишкен. Ал эми сатуучу ооруканага жеткирилип, эсине келе албай каза тапкан. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо аракеттери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
deva
2015-01-09 15:47:57
Ушул каракчыларды өттү, же өздөрү иш кылышпайт, же иш кылган адамды жөн коюшпайт, акмактар. Таап ХХХ ХХХ ХХХ керек. Карактоого барга жарандарды карасаң баары билегинде күч толуп турган кыргыздын жапжаш жигиттери. Адал эмгек менен нан таап жегенди билбеген ХХХХ
+1
admin_superstan
2015-01-09 16:02:39
deva, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
0
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-09 20:03:36
Камап колдорун чаап салыш керек башы жок айбандарды,.
+1
temirov76
2015-01-09 21:12:08
Бул не деген озу каракчыларды голивуддун кинолорунан эле корчу элек азыр эми турмушубузда эле боло баштадыбы,кыргызстанда мыйзамдан корккон адам барбы?
0
nurkasym-2014
2015-01-10 08:42:13
Бизде баары корупция,данкрат деген куч алып кеткен.Жазалоо турлорун кучотуу керек.Мисалы олум,элдин козунчо дарга асуу, элдин козунчо атуу дегендей же болбосо кылмыш азайбайт.
0
nuris208
2015-01-12 04:38:18
Жабыр тарткан адамдын аты жону жокбу? Доолот эмесби? Админ айтып койосунарбы
0
admin_portal
2015-01-12 09:43:58
nuris208, Саламатсызбы!
Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн андай маалыматтар азырынча берилбейт экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан