Ысык-Көл облусундагы автокырсыктан 5 адам каза тапты. Бул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Окуя 5-февралда саат 01:30 чамасында Чок-Тал айылында, тактап айтканда, Балыкчы-Каракол унаа жолунда орун алган. Жүк ташуучу КамАЗ менен Хонда жеңил унаасы сүшүшүп, кырсыктан жеңил унаада бара жаткан 5 жүргүнчү каза тапты. Учурда кырсыктын себептери такталууда.