Алмазбек Атамбаев «Газпром Кыргызстандын» башкы директору Болот Абилдаевди кабыл алды

Бүгүн, 9-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Газпром Кыргызстан» энергетикалык компаниясынын башкы директору Болот Абилдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына өлкөдө геологиялык чалгындоо жүргүзүү иштери, ошондой эле «Газпром Кыргызстандын» республиканын газтранспорттук системин өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын бириктирген магистралдуу газ түтүгүнүн компания тарабынан долбоорлоонун жана куруунун, ошондой эле аталган региондордун керектөөчүлөрүнө жаратылыш газын газ чыккан жерлерден жеткирүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан