Шри-Ланка мамлекетинин башчысы Махинда Раджапаксе 8-январда өткөн президенттик шайлоодо өзүнүн утулуп калганын моюнуна алды жана бийликти өз эрки менен тынч тапшырып берүүгө убада кылды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы чет элдик маалымат булактарына добуштарды эсептөөдө оппозиция лидери Маитрипала Сиризена алдыга чыкканын билдиришти. Раджапаксе жалпы шайлоочулардын 50 пайызга жетпеген добушун алганын билип, резиденцияны бошотуп чыгып кеткени айтылды. Ал эми Сиризена бүгүн, 9-январда ант берүү аземин өткөрмөкчү.
Үчүнчү мөөнөткө кайра шайланууга аракет кылган Раджапаксе 2005-жылы бийликке келген.