Кышкы туризм: Кыргызстан кышкысын 1 күндө 20 миң турист кабыл ала алат
Максат Чакиев
Кыргызстандын жер шарты кышкы спорт сүйүүчүлөрү
үчүн ыңгайлуу экени белгилүү. Кыргызстан кышкысын 1
күндө 20 миң турист кабыл ала алат. Мындай маалыматты бүгүн, 9-январда SUPER.KG
порталына Туризм департаментинин директору Максат Чакиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл кыш тоолуу аймактарда өткөн жылдагыга караганда суук
болгондуктан, келген туристтердин саны артышы күтүлүүдө. “Туристтик сезонго даярдык
көрүү жана уюштуруу иш-чараларынын алкагында тиешелүү мекемелер, ИИМ, КРнын Мамлекеттик
чек ара кызматы биздин эс алуучулардын жана чет өлкөдөн келген туристтердин коопсуздугун
камсыздоого даяр. Ошондой эле кыш мезгилинде чет өлкөлүк альпинисттер чек арадан
тоскоолдуксуз өткөрүлөт”,- деп кошумчалайт М.Чакиев.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Интернеттен алынды