Маңзат менен кармалган Жеки Чандын уулу 6 айга эркинен ажыратылды

Кытайда маңзат менен кармалган Жеки Чандын уулу 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 9-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Пекин шаардык прокуратурасы 32 жаштагы Жейси Чанга "баңгизатты мыйзамсыз сактап, уюк уюштурган" деп айып тагып, кылмыш ишин декабрь айында сотко жөнөткөн. Бир жарым саатка созулган соттук процессте ал 6 айга эркинен ажыратылып, дагы 320 доллар айып пул салынды.
Жейси Чан өткөн жылы сентябрь айында досу, тайвандык актёр Кэ Чженьдун менен колго түшүрүлгөн. Текшерүүдө экөөнүн тең баңги колдонгону аныкталган. Ал эми Жейси Чандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 100 грамм марихуана табылган.
Кытайда баңгизаты менен күрөшкөн коомдук активист катары саналган актёр интернеттеги социалдык тармак аркылуу уулунун кармалганы боюнча элден кечирим сураган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aiaium
2015-01-09 17:41:44
джеки чандын уй булосун антип ойлобойм бул подстава по любому
+2
sharolli
2015-01-09 17:47:11
Aiaium Джеки Чан соседин эмес беле? ;) но жалка улуу актердун уй-булоосундо мындай иш болгону
0
kumushai-kg
2015-01-09 18:24:48
Эмне болсода бул баласы учун Ата жооп беретда! Мен ойлоймун баары жакшы болот!
0
kg-zzzzz
2015-01-10 00:25:50
акчасы коп байлардын балдары почти баары эле ошондой банги заты менен аралашкандар
0
Sharipa-asia
2015-01-10 01:24:40
Акчасы коптор ушундай иштерге аралашаары белгилуу да
0
aziziko
2015-01-10 16:44:36
Акчасы барлардын баары эле ушул да . Кыргыздар болсо кол чаап сот залынан бошотуп жибермек. Кытайлар азамат.
0
taku0214
2015-01-11 00:33:43
Дагы атасынын баркы менен аман калыптыр болбосо кытайда наркотик менен кармалгандарга олум жазасын берет.
0
Aikoo2014
2015-01-11 12:01:32
Дуйного таанымал актёрдун уулу, атасын уят кылыптырда болгону.
+1
Mirbek1993
2015-01-12 10:22:32
Bardyk ak4asy kop ele aralawkan degenderdin baaryna kowulbaim, sebeb biznes kylyp tuura joldo jurgondor dele kop ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан