Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Маалыматты президенттик аппараттан 9-январда билдиришти.
Мыйзам бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын талаптарын Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын имплементациялоо максатында кабыл алынды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.