Депутат Жылдыз Жолдошова 6-февралдагы ЖКнын жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге “жер семирткичтерди реэкспорттоону токтоткула. Эгерде Экономика министрлиги буга бөгөт койбосо, силер бул чектөөнү киргизгиле” деген сунуш айтты. Анын айтымында, минералдык жер семирткичтер Өзбекстандан бизге түз алынып келинбейт. Казак жарандары Өзбекстандан жер семирткичтерди сатып алып Кыргызстанга сатып жатат. Ал эми Кыргызстан аны кайра Тажикстанга сатууда. Ал эми министр бул маселеге тыюу салынарын убадалады.