Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда тышкы экономикалык иштин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иш жүзүнө ашыруу, статистикалык эсепке алууну жана статистикалык маалымат алмашууну жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы колдонулат.
Мыйзам расмий жарыялоого жатат жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.