Жылнаама, 10-январь: Мындан 44 жыл мурун франциялык кутюрье, моданын мыйзам чыгаруучусу Габриель Коко Шанель каза болгон

* Мындан 107 жыл мурун, 1908-жылы мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатов Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында туулган. 9 жашынан 16 жашка чейин байларга жалданып иштеген. Кийин темир жол жумушчусу, Кызыл-Кыя "Жал" шахтасында забойщик, шахта комитеттеринин төрагасы, Көмүрчүлөр союзунун шахта комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Ош облустук партиялык мектепти бүтүрүп, "Жал" шахтасында парторг, Кызыл-Кыя шаардык Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, "Кыргыз көмүр" трестинин башкаруучусунун орун басары, 33 жыл бою Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштеген. КПССтин съезддеринин делегаты, СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. 5 Ленин, Октябрь революциясы ордени жана башка орден-медалдар менен сыйланган. 1978-жылы 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
 
* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы “Жаш өч алуучулар” жашыруун уюмунун мүчөсү, партизан, чалгынчы, Советтер Союзунун Баатыры Зина Портнова 17 жашында көз жумган. Ал 1926-жылы 20-февралда Ленинградда туулган. Улуу Ата Мекендик согуш башталып, 1942-жылы “Жаш өч алуучулар” жашыруун уюмуна мүчө болуп кирген. Бул уюмдун мүчөлөрү элге ар кандай баракчаларды таратуу жана душманды жок кылуу операцияларына көмөктөшүп иштешкен. Зина Портнова немис офицерлерин даярдоо курсунун ашканасында иштеп, тамакка уу кошуу менен жүздөн ашык душманды жок кылган. Териштирүү убагында өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдөө үчүн ууланган тамакты ичип, бирок аман калган. Ал эми 1943-жылдын август айынан тартып чалгынчы болуп, ошол эле жылдын декабрь айында душмандардын колуна түшүп калган. Сурак убагында столдун үстүндө турган немис тергөөчүсүнүн куралын алып, тергөөчүнү жана дагы эки адамды атып өлтүрүп, качууга аракет кылган. Тилекке каршы, колго түшүп калып, Белоруссиянын Полоцк шаарындагы түрмөдө 17 жашында атылган.
* Мындан 44 жыл мурун, 1971-жылы улуу мода ханышасы Габриель Коко Шанель 88 жашында Парижде көз жумган. Габриель Коко Шанель Франциянын Сомур шаарында төрө­л­гөн. Ата-энеси чогуу жашабагандыктан, кичинекей кыз жетимдер үйүндө тарбияланган. Интернатта дайыма бир форма кийип тажаган Габриель аялзатын өзү каалагандай кылып кийинтүүнү самачу. Өз алдынча жашоосун баштагандан кийин кездеме саткан дүкөнгө орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан бакчу. “СоСо” деген ырды көп ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан. Ырчылыктан эч пайда көрбөсө да, көптөгөн бай, таасирдүү адамдар менен достошууга жетишкен. 
1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Габриелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Шанелдин алгачкы кардарлары пайда боло баштайт. Иши оңунан чыгып, өзүнө ишене баштаган Габриель Бальзандан кол үзөт. Кичинекейиндеги тилеги орундалып, кийим чыгарууну ойлонот. Кээ бир кийимдерди Шанель түшүндө көрүп, анан тикчү дешет. Аялдар үчүн шым, костюм, юбкалардын жаңы моделдерин, спорттук кийимдерди чыгара баштайт. Баш кийим, зер буюмдарынан сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу “Шанель №5” деп аталган атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгө­рүл­бөгөн, кайталангыс жытка ээ. 1914-жылы согушка катышкан аялдар үчүн Коко Шанель атайын тыкыс кийимдерди даярдаган. 
1930-жылдардын аягында Габриель кокусунан бардык дүкөндөрүн жаап, Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок Кристиан Диор аттуу атаандашы пайда болгондо 70 жаштагы Шанель кайрадан мода чөйрөсүнө кайтат. Коко Шанель жылына 160 миллион доллар киреше алып келген “Шанель үйүн” түзгөн.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Аргентинадагы Вилья-Хесель курорттук шаарына түшкөн чагылгандан 3 адам каза таап, 22 адам жаракат алган. Окуя кум жээкте болуп, эс алуучулар жамгырдан коргонуп чатырга кирген кезде ага чагылган түшкөн. Каза болгондор 17, 19 жана 21 жаштагылар болгон.
10-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан