
* Мындан 74 жыл мурун, 1941-жылы “Кыргыз керемети” учурунун таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр
Болот Шамшиев Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте (мурдагы Фрунзе) туулган.
Болот Шамшиев 1965-жылы ВГИКти бүткөн. Алгач "Манасчы" (1965), "Чабан" (1966) аттуу даректүү фильмдерди тартып, андан кийин айтылуу М.Ауэзовдун чыгармасы боюнча өзүнүн "Караш-Караш окуясы" аталган алгачкы көркөм фильмин (1968) жараткан. Ал эми 1971-жылы "Касиеттүү Ысык-Көл" тасмасын тарткан. Бул фильмдерине Орто Азия жана Казакстан, бүткүл союздук, эл аралык кинофестивалдарда алдынкы байгелер ыйгарылган. Ч.Айтматовдун повести боюнча тарткан социалдык-этикалык жана философиялык маанидеги "Ак кеме" фильми Бишкек шаарында өткөн Бүткүл союздук 9-кинофестивалда (1976) баш байгеге, Италияда баш байгеге, Чехословакияда атайын байгеге татыктуу болгон. 
* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы актёр, режиссёр, КРнын Эл артисти
Замирбек Сооронбаев Нарын шаарында туулган. Ал 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны, 1979-жылы Ташкенттеги А.Островский атындагы Театр жана сүрөт өнөрү институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1979-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштей баштаган. Замирбек Сооронбаев "Бишкек, мен сени сүйөм!", "Баатыр", "Шайтан араба", "Көк салкын", "Чиркин өмүр", "Нонсенс" жана башка тасмаларда роль жараткан.

* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы эстрада ырчысы
Айчүрөк Иманалиева Талас районунун Калба айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. "Роза гүлү" аттуу ырынан тартып анын эстрада ырчысы катары сапары башталган. "Кызыл гүл" ыры менен бүт кыргыз журтчулугуна таанымал болгон. 1995-1996-жылдагы "Азия даусы" эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Беларуста өткөн "Славян базары" эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы "Золотой скиф" эл аралык конкурсунун лауреаты, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак дипломунун ээси. Айчүрөк Иманалиева 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Кыргызстандын башкы прокурору
Аида Салянова лыжа тээп баратып жаракат алган. Окуя Кемин районунун Орловка аймагындагы лыжа базасында болгон. Башкы прокурор лыжа тээп келе жатып башка лыжачы менен сүзүшүп кеткен. Анын натыйжасында Салянованын акыреги жана эки кабыргасы сынган.
Ал эми 13-январда башкы прокурор Аида Саляновага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалган.* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Гаитиде жер титирөө болуп, 222 570 кишинин өмүрүн алып кеткен. 311 000 адам ар кандай жаракат алып, 869 киши белгисиз жоголгон. Материалдык чыгым 7 миллиарддан ашуун долларды түзгөн.