Жалал-Абадда үй өрттөнүп, 1 жаран түтүнгө ууланып каза тапты

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында (Мир көчөсү-15 дарегинин тургуну) 1962-жылы туулган В.Руль түтүнгө ууланып каза болгон. 12 чарчы метр бөлмөдө үй эмеректери, төшөнчүлөр күйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, В.Руль жашаган батирден чыккан өрт жыгач пол аркылуу өтүп, 12 чарчы метр бөлмөнүн шыбы, үй эмеректери, төшөнчүлөр күйгөн. Кырсык электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tapkych85
2015-01-10 12:12:52
тилсиз жоодон кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан