“Нарын облусунда насостук станциялар 40 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө элек”. Мындай пикирди бүгүн, 6-февралдагы парламент жыйынында депутат Майрамкүл Тиленчиева билдирди. Депутаттын айтымында, Жумгал районунда 5 насостук станция оңдоого муктаж. “Жергиликтүү тургундардан мага каттар келүүдө. Мисалы, Көк-Ой айылындагы "Боз-Тектир" насостук сатнциясы бардык талаптарга жооп берет, бирок адистин жоктугунан ишке кирбей турат. Мен үч ай мурун бул маселе боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрине кайрылуу жолдогом, бирок жооп жок”, - деди депутат. Ал эми министр Чыңгысбек Узакбаев 2013-жылы Нарын облусу боюнча оңдоого муктаж болгон 107 насостук станциянын ичинен 101 станция оңдоло турганын айтты.