Бишкектин 22 жаштагы тургуну О.Н. милицияга арыз менен кайрылып, 2014-жылдын 15-октябрында Илхом аттуу жаран унаа сатып иштей турганын айтып, 3000 доллар каражатын алганын билдирген. Жыйынтыгында ал акчаны алып, жок болуп кеткен.
Бишкек ШИИББинен бүгүн, 10-январда билдиришкендей, издөөдө жүргөн 29 жаштагы Р.И. кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.