Ошто жол кырсыгы катталып, 3 адам ооруканадан каза тапты

9-январь күнү Ош-Өзгөн унаа жолунда жол кырсыгы катталып, түрдүү жаракаттардан улам 3 адам ооруканадан каза таап, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 00:30да Ош облусунун Өзгөн районунун 36 жаштагы тургуну Дамил мас абалында Мерседес-Бенц-300 үлгүсүндөгү унааны айдап баратып Деу-Тико унаасы менен кагышкан. Деу-Тико ары жылып, эки жөө адамды сүзгөн. Жыйынтыгында ал унаанын айдоочусу, унаадагы дагы бир жаран жана жөө жүрүүчүнүн бири ооруканадан каза болушту. Учурда иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nuru95kg
2015-01-10 11:10:54
Кудай озун сакта мындай Кырсыктан!
0
sultan89
2015-01-10 11:17:41
Окунучтуу
0
Nurmuhammad
2015-01-10 11:33:36
Арак жетиптирда тубуно.
Кудай Таала рахматына алсын каза болгондорду.
0
umnik
2015-01-10 11:34:43
Кырсык каш кабактын ортосунда. Айдоочулар арак ичип авто унаа айдабаса жакшы болмок. Бей куноо адамдардын олуп кетиптир.
+2
Uli6886
2015-01-10 11:35:13
жайларын жаннаттан берсин аллах таалам
0
tapkych85
2015-01-10 12:09:54
ар бир айдочу жоопкерчиликтуу бололучу мас абалда унаа башкарыш бул акмактык
+2
kama_future_millioner
2015-01-10 14:14:16
Кырсые каш кабактын ортосунда деп беекеринен айтылбайт туура
0
Mir82
2015-01-10 23:47:24
Ушул мас болуп алып рульга отургандарга кучотулгон жаза колдонулса жакшы болмок, бул деген умышленный убийство да. Озу эле авария болсо бир жон башка бироолорду да олтуруп кетип атышат.
+2
ularbek89
2015-01-11 17:36:23
Карындашым жаткан жерин жайлуу болсун!
0
milashka9313
2015-01-11 19:07:45
озгондун кайсы айылында болуптур?жайын жанаттан берсин
0
jarkyn_jakta_jasha
2015-01-12 08:47:05
Каза болгондордун бири 91 жылкы кыз тааныйт элем угуп алып бир кун кечке шок болдум жайы жаннат болсун каза болгондор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан