2014-жылдын 1-ноябрындагы көрсөткүч боюнча Кыргызстанда калктын саны 5 миллион 874,1 миңди түзгөн. Анын ичинен экономикалык активдүүсү 62,5 пайызды түзсө, жумуш менен камсыз болгондордун көрсөткүчү 57,3 пайыз. Жалпы жумушсуз калктын көрсөткүчү 8,3 пайызга барабар. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 1-январына карата көрсөткүчтө расмий жумуш менен камсыз болбогондордун пайыздык көрсөткүчү 2,4 пайызга барабар.