Абдырахман Маматалиев: "Адам укуктары боюнча улуттук доклад - Кыргызстандын эл аралык аренадагы жүзү"

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында 10-январда Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. "Кыргызстан жарандардын эркиндиги жана укуктарын коргоону ишке ашыруу жаатында укук коргоо механизмдери менен кызматташат. Диалог, пикир алмашуу зарыл. Ар бир төрт жылда БУУга мүчө бардык өлкөлөр адам укуктарын коргоо жаатындагы милдеттенмелерди аткаруу боюнча маалымат беришет. Адам укуктары боюнча улуттук доклад - эл аралык коомчулуктагы Кыргызстандын жүзү",- деди Маматалиев. 

Жыйында адам укуктарынын корголушу боюнча Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине сунуштала турган экинчи улуттук докладынын долбоору талкууланды. 

Өкмөттөн билдиришкендей, Кыргызстан адам укуктарынын корголушу боюнча биринчи баяндамасын 2010-жылы жасаган. Экинчиси быйыл 19-январда жасалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан