Кыргызстанда жасалма акциздик маркалардын даярдалышын жоюу үчүн акциздик маркалардын дизайны улам өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Замирбек Осмонов билдирди. Ал инновациялык технологиялар өнүккөн азыркы заманда жасалма акциздик маркалар гана эмес, жасалма акчалар да чыгарылып жатканын баса белгиледи. Иштин натыйжалуулугун көзөмөлдөө үчүн Салык кызматы тийиштүү органдар биргеликте өлкөдөгү базарлар менен дүкөндөрдө рейддерди уюштуруп турмакчы.