"Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты - товарлардын кээ бир түрлөрүн импорттоо жана экспорттоо тармагындагы Кыргызстандын мыйзамдарын Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына ылайык келтирүү. Мыйзам Жогорку евразиялык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы №74-чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын планына ылайык иштелип чыккан.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан